Абактагылар жапырт ачкачылык кармаганы тууралуу маалымат жалган
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абакта камалган адамдар жапырт ачкачылык кармаганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Мекеменин басма сөз катчысы берген комментарийинде мындай маалымат кайдан жана эмне себептен чыгып жатканы белгисиз экенин, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.
Мунун алдында бир катар басылмалар ЖАКтын жетекчиси алмашканына каршылык иретинде абакта камалган адамдар ачкачылык жарыялаганын жазышкан.