Абдумалик Сатаров Ноокен архитектурасын жетектейт

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108

Абдумалик Сатаров Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.

Жаңы жетекчини башкармалыктын эмгек жамаатына Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жалал-Абад регионалдык архитектура башкармалыгынын начальниги Дастан Кадыров тааныштырды. Ал Абдумалик Сатаровго жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Абдумалик Сатаров буга чейин Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X