Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган жер изделет
Кыргыз Республикасынын Баатыры Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган болжолдуу жерди аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Комиссия министрликтин 13-ноябрдагы буйругунун негизинде түзүлүп, аны министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов жетектейт.
Анын курамына тарыхчылар, археологдор, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер кирди.
Комиссия тарыхчы Кыяс Молдокасымов берген маалыматтардын негизинде Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган деп болжолдонгон жерге барып, изилдөө жана аныктоо иштерин жүргүзөт.
Изилдөөнүн жыйынтыгында комиссия тиешелүү корутунду жана сунуштарды даярдап, 2026-жылдын 20-декабрына чейин министрликке тапшырышы керек.
