"Эркин-Тоо"

Adidas 32 жылдан бери биринчи жолу чыгымга учурады

Германиялык «Adidas” бренди 2023-жылы 58 млн евро чыгымга учурады.

Маалыматка ылайык, “Adidas” 32 жылдан бери биринчи жолу жылдык жоготууга учурады.

“Спорттук кийим өндүрүүчү 2023-жылы 58 млн евро жоготкон, бул 1992-жылдан бери биринчи жолу жоготуу. Ага карабастан, компаниянын директорлор кеңеши 2023-жылга дивиденддер өзгөрүүсүз бойдон калаарын жана бир акциянын баасы 0,70 еврону түзөрүн жарыялады”, — деп айтылат маалыматта. 

2024-жылы «Adidas» Түндүк Америкада сатуу 5%га төмөндөшүн болжолдойт, бул компаниянын экинчи чоң рыногу. АКШдагы суроо-талаптын азайышы жана запастардын көп болушунун себеби бренддер өнүмдөрдү сатуу аракетинде өнүмдөрдүн баасын төмөндөтүүдө.

2023-жылы төртүнчү кварталда “Adidas” продукцияларын сатуу Түндүк Америкада 21% жана жыл ичинде 16% төмөндөгөн. Ошол эле учурда компания Кытайда сатуунун олуттуу өсүшүн күтүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!