Адилет Орозбеков БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 51

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 17-ноябрда, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар узак мөөнөттүү кызматташтыкты бекемдөөгө болгон милдеттенмелерин дагы бир жолу тастыкташты. “БУУӨП менен кызматташуу формалдуу эмес, бирок конкреттүү натыйжаларга жетүүгө, улуттук потенциалды чыңдоого жана мамлекеттик институттарды өнүктүрүүгө багытталган”, — деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Эки тарап тең Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы менен БУУӨПтүн ортосундагы улуттук коопсуздуктун айрым багыттарын чыңдоого, мамлекеттик институттардын туруктуулугун жогорулатууга жана ведомстволор аралык кызматташуу механизмдерин иштеп чыгууга жана натыйжалуу өнөктөштүккө негизделген ийгиликтүү кызматташууга өзгөчө басым жасашты.

Өз кезегинде Александра Соловьева жогоруда белгиленген багыттардын, ошондой эле туруктуу өнүгүү күн тартибинин алкагында Кыргыз Республикасы менен кызматташууну улантууга жана кеңейтүүгө даяр экенин ырастады.

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 51
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X