Адылбек Касымалиев Антальядагы климаттык саммитке катышат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Түркия Республикасына барды.

Ал Анталья шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (COP31) катышат.

Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Лидерлер саммитинин ачылыш аземине жана тоолуу аймактардын климаттык күн тартибине арналган жогорку деңгээлдеги иш-чарага катышат.

Анда мөңгүлөрдү жана криосфераны сактоо, температуранын жогорулашы шартында туруктуулукту чыңдоо, өлкөлөрдүн жалпы жоопкерчилиги жана туруктуу каржылоо маселелери каралат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X