Адылбек Касымалиев COP31 саммитине катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Анталья шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагындагы Лидерлердин Саммитинин ачылыш аземине катышты.
Иш-чаранын башталышына чейин Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен учурашуу жана сүрөткө түшүү аземи болуп өттү. Андан соң конференцияга катышып жаткан делегация башчылары менен сүрөткө түшүү аземи өттү.
Белгилей кетсек, климаттык конференциянын ишине дүйнөнүн 190дан ашуун өлкөсүнүн делегациялары, анын ичинде 102 дүйнөлүк лидер катышууда.
