Адылбек Касымалиев элдин жүгүн көтөрүп кете алабы?

20-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 37

Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында өлкөбүз үчүн орчундуу болгон маселелер каралып, алардын катарында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына Адылбек Касымалиевди, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызматына Данияр Амангельдиевди жана Экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыковду дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов талапкерлер тууралуу маалымат бергенден кийин талкуу башталып, эл өкүлдөрү суроолорун берди. Депутат Дастан Бекешев эл арасындагы көйгөйлүү үч тармакты атап, салык саясатын өзгөртүү керектигин, Бишкек шаарындагы унаа тыгындарын жана борборду каптаган түтүн, ыш маселелерин чечүү керектигин белгиледи. Андан кийин депутат Сүйүнбек Өмүрзаков укук коргоо органдарынын маяналарын жана пенсияларын жогорулатуу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына талапкердин пикирин сурап, Адылбек Касымалиевден Финансы министри менен бул багытта сүйлөшүүлөр болуп жатканы боюнча жообун укту.

Депутат Жанарбек Акаев суроо-жоопко дыкат көңүл буруп отурганын белгилеп, “Адылбек Алешович, сиздин жообуңуз «ойлонобуз, көрөбүз, кеңешебиз» деген эле сөздөрдөн туруп жатат. «Чечебиз» деген сөздү уккан жокпуз. Резюмеңизди да карап чыктым, муну бир сөз менен айтканда “жакшы киши” деген нерсе экен. Мобул кызматта мындай кылган деген жаңылык жок. Сиз мурда дагы Каржы министри болуп иштегенсиз. Анча-мынча сынга көтөрүмдүү болушуңуз керек. Сиздин мурдагы жетекчиңиз кызматтан кетти, кечээ УКМК жетекчиси салыктан уурдалган акциздер 30 млрд сомдон ашканын айтты. Сиз ошол салык, экономика, финансы тармагынын куратору болгонсуз. Сиз башкарган учурда ушундай эбегейсиз катачылык кетти. Жоопкерчилик сизде дагы болуш керек деп эсептейм” деди. Адылбек Касымалиев салыкта абдан жаман окуя болгонун белгилеп, түздөн-түз салык органдарын кароого мүмкүнчүлүк алганын айтты. Салык кызматындагы жаңы жетекчи менен райондун инспекторуна чейин изилдеп чыгып, оңдой тургандыгын кошумчалады.

Депутат Алишер Козуев элек-трондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдалануу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү маселесин көтөрдү эле, Адылбек Касымалиев бул маселе соңку учурда көп талкууланып жатканын белгилеп, алдыда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ), электрондук эсеп-фактурасы (ЭСФ) боюнча жумушчу топ түзүлүп, жеңилдетүү маселеси караларын билдирди.

Эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков Министрлер Кабинетинен жарандардын ипотекалык турак жай алуу кезегин териштирүүнү талап кылса, депутат Айбек Маткеримов медицина кызматкерлеринин маяналарын көтөрүү, депозит аркылуу дарыгерлердин кошумча акчаларын өз убагында берүү, кадр тартыштыгын жоюу маселелерин белгиледи. Динара Ашимова Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына талапкер Адылбек Касымалиевден иш-пландарын, 12 жылдык билим берүү тууралуу пикирин сурады. Депутат Бекмурза Эргешов учурда 30% гана балдар бала бакчага тартылганын белгилеп, алардын санын көбөйтүү маселесине көңүл бурду. Депутат Нилуфар Алимжанова социалдык мекемелерде эмгектенген техникалык кызматкерлердин маянасын жогорулатуу, баалардын өсүү деңгээлин көзөмөлдөө маселелерин айтты. Депутат Камила Талиева Министрлер Кабинетине аялдарды кызматка тартуу, билим берүү жана социалдык тармактардагы кемчиликтерди жоюу жагдайларына токтолду. Мектептерди оптимизациялоо маселесине токтолгон депутат Айбек  Алтынбеков Министрлер Кабинетинин бул токтомун кайра карап чыгууга чакырды. Депутат Ырысбек Атажанов Кадамжай районундагы айрым айылдарга чек ара статусун берүү, ал эми депутат Арсланбек Малиев Жети-Өгүз районунун кээ бир айылдарын алыскы аймак категориясына киргизүү сунуштарын берди.

Адылбек Касымалиев тарабынан 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасы даярдалып жатканы, мартта даяр болуп калары, анын алкагында иш жүргүзүлөрү белгиленди. Негизинен аймактарды өнүктүрүүгө жана ал жактагы чакан, орто ишканаларды ачууга басым жасалары, салыктын саны көбөйтүлбөстүгү айтылды. Ошондой эле 2030-жылы ИДПны 30 миллиард долларга, жан башына ИДПны 4500 долларга жана бюджетти триллионго жеткирүү пландалып жатканын кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында каттоодон өткөн 88 депутаттын 80и аталган талапкерлерди дайындоого «макул» деген добушун берди.

Андан соң, Жогорку Кеңештин жыйынына Президент Садыр  Жапаров келип, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек   Касымалиев башында турган Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземи бүткөндөн кийин Мамлекет башчысы эл өкүлдөрүнө кыскача кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы Садыр   Жапаров “Ырыс алды ынтымак” деген элибиздин накыл кебин туу туткан өлкөбүздө биримдик өкүм сүрүп, Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилөө менен, мамлекеттин ички жана тышкы саясатында бир топ илгери жылыштар болуп жатканын белгиледи. Бул чындыкты баарыбыз эле моюндайбыз. Кудай буюрса буга чейин жүрөк өйүтүп келген чек ара маселелери кошуналар менен толук жөнгө салынып, жакын арада өз ара пайдалуу негизде чечилгени турат. Анын жыйынтыгында кошуналарыбыз менен достукта, ынтымакта жашоонун пайдубалы андан ары бекемделери шексиз. Ошого катар Россия, Кытай, Европа мамлекеттери, Түркия, Корея, Япония сындуу өлкөлөр менен алакалар жаңы деңгээлге көтөрүлүп, өз ара мамилелер чыңдалууда.

Ал эми мамлекетибиздин турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөр, экономикалык өсүштөр, айрыкча улам чекесинен ачылып жаткан социалдык объектилер, бир катар тармактарды реформалоого жасалган аракеттер жалпы мекендештерди кубантып жатканы жалган эмес. Өлкө жетекчиси ага да кыскача токтолуу менен бирге ийгиликтин баары аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруучулардын кыска аралык ичинде көп күч жумшап, жеке кызыкчылыктар үчүн соодалашпай, ынтымакта эриш-аркак иштегендеринин натыйжасы экенин билдирди.

“Аткаруу бийлиги тарабынан демилгеленген маанилүү маселелерди кечиктирбей колдоп берип келе жатасыздар. Бул үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Албетте, араңыздарда илгерки көндүм адатын кылып, министрликтер тараптан жеке кызыкчылыктары чечилбей калган үчүн кандай гана маселе болбосун каршы добуш берген 5-6 депутат бар, аларга көңүл буруштун кажети жок, анткени көпчүлүк басымдуулук кылып, мамлекетке пайдалуу, келечектүү маселелерди колдоп берип келе жатасыздар. Жыйынтыгында көзгө көрүнөрлүк ири иштер жасалып, жалпы журтубуз менен бирге эл аралык коомчулук дагы иштерибизди белгилеп келишүүдө” деди Президент.

Мындан сырткары, күнү-түнү Министрлер Кабинетинин алдына койгон талаптарды, тапшырмаларды так жана ыкчам аткарууга болгон аракеттердин жыйынтыгында бүгүнкү ийгиликтерге жетишкендигин баса белгилеген Садыр Жапаров, ага мурдагы төраганын салымы чоң экенин айтты.

“Ачыгын айтып коюшубуз керек, бул жетишкендиктерге Министрлер Кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун да салымы бар. Анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтырыштын кажети жок деп ойлойм. Өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейитти. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Белгилүү болгондой, бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түзмө-түз көзөмөлүндө болчу, демек салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам Салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азырынча тергелип жаткандыктан бул жерде жеке кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум” деди Өлкө башчысы.

Президент сөзүнүн аягын “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” деген кыргыз макалы менен жыйынтыктап жатып, “Биз да кетебиз, мөөнөтүңүздөр аяктагандан кийин сиздер да кетесиздер. Мамлекетибиз, элибиз гана түбөлүк калат. Бийлик алмашат, жаңылар келет, эскилер кетет. Турмуш өзү ушундай. Эң башкысы эл кызматына татыктуулар, чынчылдар, мекенчилдер келип элибизге ак кызмат кылып берсе болгону. Мекенибизге, нарк күткөн элибизге чын ниеттен кызмат кылып, ак жүрөк менен иштеп берели. Министрлерге айтарым, мурдагы заманды унутуп, өз тармагыңарды иретке келтиргиле. Коррупциялык элементтерди, уурулуктарды түп тамыры менен жок кылгыла. Таза иштегенге көзүңөр жетпесе, арызыңарды жазып кете бергиле” деди.

 

                                                                                                                               Зулпукаар Сапанов

20-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X