Адылбек Касымалиев: Илим мамлекеттин интеллектуалдык байлыгы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев окумуштууларды жана илимий кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктады
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу окумуштуулар, илимий кызматкерлер, докторанттар, аспиранттар, студенттер жана мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Илим – мамлекеттин интеллектуалдык байлыгы, экономикалык өнүгүүнүн, технологиялык прогресстин жана өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүү кыймылдаткыч күчү. Илимий билимдер, жаңы идеялар жана инновациялык иштелмелер мамлекеттин заманбап чакырыктарга жооп берүү, өз ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн аныктайт.
Кыргыз илими бай салттарга жана изилдөөчүлөрдүн бир нече мууну тарабынан калыптанган бекем интеллектуалдык негизге ээ. Бүгүнкү күндө илим тармагынын алдында технологияларды жаңылоо, жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү, экономиканын мындан аркы өсүшүн камсыз кылуу жана инновацияларды жайылтуу сыяктуу масштабдуу милдеттер турат. Ата мекендик илимий мектептер топтогон тажрыйба бул милдеттерди чечүүдө, өлкөнүн илимий өз алдынчалыгын бекемдөөдө жана атаандаштыкка жөндөмдүү улуттук иштелмелерди жаратууда маанилүү негиз болууга тийиш.
Илимдин мамлекеттин келечеги үчүн маанисин терең түшүнүү менен биз бул тармакты өнүктүрүү боюнча мамилелерди ырааттуу түрдө өзгөртүп жатабыз. Эгерде мурда илимий мекемелер каржылоонун жетишсиздиги, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жабдууларды жаңылоо мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү болушу сыяктуу кыйынчылыктарга туш болуп келсе, бүгүнкү күндө мамлекеттик саясат илимий ишмердүүлүк үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү, окумуштуулардын статусун жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө багытталууда.
Бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлеринин эмгек акысын 100 пайызга жогорулатуу болду. 2026-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан каралган компенсациялык төлөмдөрдү эске алуу менен эмгек акынын өлчөмдөрү кайрадан каралды. Бул чечимдер илимий кызматкерлердин материалдык абалын жакшыртууга, кадрдык потенциалды чыңдоого, ошондой эле квалификациялуу адистерди тармакка тартууга жана алардын илимде калышына шарт түзүүгө багытталган.
Илимий уюмдарды башкаруу системасын реформалоого да өзгөчө маани берилүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Илимий ишмердүүлүктү реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, илимий мекемелердин финансылык өз алдынчалыгын кеңейтүү каралган. Бул – ресурстарды башкаруунун чектелген моделинен илимий ишмердүүлүктү каржылоонун кыйла ийкемдүү жана натыйжалуу системасына өтүүгө жол ачкан принципиалдуу маанилүү кадам.
Илимий-изилдөө институттарынын финансылык өз алдынчалыгынын кеңейтилиши аларга өздүк жана атайын каражаттарын өз алдынча, натыйжалуу пайдаланууга, аларды илимий жамааттардын муктаждыктарына жараша бөлүштүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого, кошумча ресурстарды изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, заманбап жабдууларды сатып алууга, лабораториялык базаны өнүктүрүүгө, ошондой эле кызматкерлерди колдоого жана шыктандырууга мүмкүндүк берет. Илимий уюмдарга берилген финансылык өз алдынчалык алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалары үчүн жоопкерчилигин арттырып, демилгелүүлүгүн жана илимий иштелмелерди практикада колдонууга болгон кызыгуусун күчөтөт деп ишенем.
Институционалдык өзгөрүүлөр менен катар илимдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча да чаралар көрүлүүдө. Атап айтканда, мамлекеттик бюджеттин эсебинен Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелеринин муктаждыктары үчүн кызматтык автоунаалар сатылып алынды.
Мындай чечимдер изилдөө жамааттарынын ишин уюштурууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана аларды зарыл ресурстар менен камсыз кылууга багытталган.
Илим тармагын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү багыттары Кыргыз Республикасында илимди 2040-жылга чейин өнүктүрүү концепциясында аныкталган. Аны ишке ашыруу илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууну, илимий уюмдардын ишин өркүндөтүүнү, изилдөө инфраструктурасын өнүктүрүүнү, квалификациялуу кадрларды даярдоону жана илимдин өндүрүш, экономиканын реалдуу сектору менен байланышын бекемдөөнү көздөйт.
Бүгүнкү күндө илимий изилдөөлөр өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон энергетика, айыл чарба, биотехнология, жаратылыш жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, экология, санариптик трансформация жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу сыяктуу кеңири багыттарды камтыйт. Муну менен катар ата мекендик мал чарбасын өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон айыл чарба жаныбарларынын генетикалык түзүлүшүн изилдөө иштери да улантылууда. Геология илимин колдоого, жер казынасын изилдөөгө жана өлкөнүн минералдык-чийки заттык потенциалын натыйжалуу пайдаланууга багытталган геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Илимий изилдөөлөрдүн практикалык натыйжалуулугун камсыз кылуу да эң маанилүү милдеттердин бири бойдон калууда. Илимий иштелмелер изилдөөлөрдүн жыйынтыгы катары гана калбастан, өндүрүштө, өнөр жайда, айыл чарбасында жана экономиканын башка тармактарында кеңири колдонулушу үчүн зарыл шарттарды түзүүбүз керек. Бул үчүн илимий мекемелер менен ишкердик чөйрөнүн кызматташтыгын кеңейтүү, инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүүгө жана колдонмо илим жаатындагы стартаптарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү зарыл. Илим менен бизнес суроо-талапка ээ болгон ата мекендик продукцияны, жаңы өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын түзүүгө кызыкдар болгон ишенимдүү өнөктөштөргө айланууга тийиш.
Жаш изилдөөчүлөрдү колдоо, илимий муундардын уланмалуулугун камсыз кылуу жана ата мекендик илимий мектептерди сактоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Таланттуу жаштар Кыргызстанда кесиптик жана илимий жактан өсүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин сезип, заманбап изилдөөлөр менен алектенип, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошо алышы керек.
Урматтуу окумуштуулар жана илимий кызматкерлер!
Илимдин өнүгүшү өз ишине берилген, терең билимге, жоопкерчиликке жана жаңы ачылыштарга умтулган адамдарсыз мүмкүн эмес. Сиздердин эмгегиңиздер, илимий изденүүңүздөр жана кесиптик тажрыйбаңыздар мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын чыңдоодо жана анын келечегин калыптандырууда зор мааниге ээ.
Илимди мамлекеттик деңгээлде ырааттуу колдоо, илимий уюмдардын өз алдынчалыгын кеңейтүү жана сиздердин жигердүү аракеттериңиздер ата мекендик илимди сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө, анын жетишкендиктеринин практикалык маанисин арттырууга жана Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө татыктуу салым кошууга өбөлгө түзөт деп ишенем.
Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, түгөнбөгөн чыгармачылык дем, жемиштүү илимий ишмердүүлүк, жаңы ачылыштарды жана Мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн маанилүү жетишкендиктерди каалайм!
Кыргыз Республикасынын Илим күнү кут болсун!”.