Адылбек Касымалиев социалдык реформалардын жыйынтыгын айтты

Бүгүн, 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында өлкөнүн социалдык чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жетишилген натыйжалар тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, жыйында 2025-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет, 2026-жылга республикалык бюджет жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамдын долбоору, ошондой эле 2027-жылга республикалык бюджет жана 2028–2029-жылдарга пландык мезгил жөнүндө Мыйзамдын долбоору каралууда.

МинКаб башчысы билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана туризм чөйрөлөрүндөгү негизги натыйжаларга токтолду.

Билим берүү чөйрөсүндө негизги көңүл инфраструктураны жаңылоого, окутуунун сапатын жогорулатууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө бурулууда. 2021–2026-жылдары мурда мыйзамсыз менчиктештирилген балдар бакчаларынын 257 имараты мамлекетке кайтарылды. Эгерде 2021-жылы мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгарууга 63,5 млн сом бөлүнсө, 2026-жылы бул сумма 1,4 млрд сомго жетип, 22 эсеге өстү. 47 миңден ашык мугалим ноутбуктар менен камсыз болду. 220 мектепти STEM-лабораториялары менен жабдуу жана 53 IT-кванториум түзүү каралган. Мугалимдердин айлык акысы 100 пайызга жогорулатылды. Алардын орточо айлык акысы 24 798 сомдон 50 551 сомго чейин өстү. Президенттин жарлыктары менен аймактардан келген жаштардын жогорку билим алуусун колдоонун жаңы механизмдери киргизилди. «Айылдан келечекке» программасы аркылуу таланттуу жаштарды колдоо жана «Эл үмүтү» эл аралык стипендиялык программасын өркүндөтүү боюнча чаралар аныкталды.

«Эгерде 2021-жылы саламаттык сактоо чөйрөсүнө 26 млрд сом бөлүнсө, 2026-жылы каржылоо дээрлик 3 эсеге өсүп, 73,1 млрд сомго жетти. 2025-жылы 1,49 млрд сомго 10 саламаттык сактоо объектиси курулду. 2026-жылы 6 объекттин курулушу аяктады. Онкологиялык оорулары бар балдар үчүн пансионаттын курулушу жүрүп жатат. Жогорку технологиялуу медицинаны киргизүүнүн алкагында 2025–2026-жылдары бөйрөк трансплантациясы боюнча 51 операция жасалды. 460 млн сомдук «Гамма-бычак» радиохирургиялык тутуму сатып алынууда. Сейрек кездешүүчү ооруларды дарылоого каражат бөлүндү. Хирургиялык роботту сатып алуу пландалууда. Пренаталдык скринингди киргизүү боюнча «Үмүт» улуттук программасы бекитилди», — деди ал.

Социалдык коргоо маселелерине токтолуп, Адылбек Касымалиев айлык акынын реалдуу өсүшүн камсыздоого, жумушчу орундарды түзүүгө жана жакырчылыкты кыскартууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

2026-жылы номиналдык айлык акы 29,4 пайызга, реалдуу айлык акы 16,6 пайызга өстү. Пенсиянын орточо өлчөмү 11 135 сомдон 12 888 сомго чейин көбөйдү. Пенсияларды индексациялоого 4,4 млрд сом каралды. 9 айда пенсиялар менен жөлөкпулдарды төлөө 83,6 млрд сом суммасында толук көлөмдө каржыланды.

2025-жылы 410,7 миң жаранга жөлөкпул төлөөгө 12,5 млрд сом бөлүндү. 2026-жылы 1 млн дон ашык жаран социалдык кызматтар менен камтылды. Үч жашка чейинки балдар үчүн айына 1 200 сом өлчөмүндө «Бала ырысы» жөлөкпулу киргизилди. Стационардык социалдык мекемелердин кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга, социалдык кызматкерлердин айлык акысы 100 пайызга жогорулатылды.

МинКаб башчысы Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн тартып 2026-жылдын ноябрь айына карата 23 190 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгонун улантты. Учурда өлкөдө 75 900 батирге ылайыкталган үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Жыл аягына чейин 14 миңден ашык батирди пайдаланууга берүү пландалууда.

«Эгерде 2021-жылы мамлекет тарабынан маданият чөйрөсүнө 2,8 млрд сом бөлүнсө, 2025-жылы — 6,9 млрд сом, ал эми 2026-жылы — 10 млрд сомдон ашык бөлүндү. 5 жылда каржылоонун көлөмү 4 эседен ашык өстү. Кызматкерлердин айлык акысы 100 пайызга жогорулатылды. Эгерде 2021-жылы спорт чөйрөсүн өнүктүрүүгө 953 млн сом бөлүнсө, 2026-жылы каржылоонун көлөмү дээрлик 4 эсеге өсүп, 3 млрд 755 млн сомго жетти. Машыктыруучулардын жана спорттук мекемелердин кызматкерлеринин айлык акысы 100 пайызга жогорулатылды. Туризм чөйрөсүндө түзүлүүчү дүң кошулган нарктын көлөмү жыл сайын туруктуу өсүп жатат: эгерде 2021-жылы ал 25 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 74,4 млрд сомго жетти. 2021-жылга салыштырмалуу көрсөткүч дээрлик 3 эсеге өстү. Кыргызстанга келген чет элдик жарандардын саны да жыл сайын өсүүдө: эгерде 2021-жылы өлкөгө 3,6 млн адам келсе, 2025-жылы бул көрсөткүч 10,5 млн адамга жетти. 2026-жылы 12,5–13 млн адамды түзөт деп күтүлүүдө. Быйыл өлкөнүн туристтик имиджин илгерилетүүдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана «Бишкек Аренанын» ачылышы маанилүү роль ойноду», — деди МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X