Адылбек Касымалиев Түрк инвестициялык фондунун президенти менен жолугушту

Бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Түрк инвестициялык фондунун президенти Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Адылбек Касымалиев Кубанычбек Өмүралиевди Түрк инвестициялык фондунун президенти болуп дайындалышы менен куттуктап, анын кесиптик тажрыйбасы Фонддун максаттарын ийгиликтүү ишке ашырууга салым кошоруна ишенерин билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Түрк инвестициялык фондуна мүчө мамлекеттер ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо, инвестицияларды тартууда жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда фонд маанилүү ролду ойной турганын белгиледи.Возможно, это изображение Овальный кабинет и текст

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Фонд менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, өлкө экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына каржы ресурстарын тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалады.

Өз кезегинде Кубанычбек Өмүралиев Фонддун келечектеги ишмердүүлүгү боюнча өз көз карашын айтып, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган сунуштары менен бөлүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу инвестициялык демилгелерди илгерилетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X