Адылбек Касымалиев жол тармагына элүүдөн ашуун жаңы техниканын ачкычын тапшырды

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чараларга катышты.

Алгач Т. Усубалиев атындагы аянтта МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы сатып алынган элүүдөн ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды.

Министр Талантбек Солтобаев самосвал, автогрейдер, жүктөгүчтөр сыяктуу атайын техникалар тууралуу маалымат берди. Анда Адылбек Касымалиев мындай машиналар өлкөнүн жол чарба тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо, автомобиль жолдорун курууда, оңдоо иштеринин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууда өбөлгө түзөөрүн билдирди.

Статистикалык маалыматтар боюнча, тармакка 2010-2020-жылдар аралыгында 648 техника алынган болсо, 2022–2026-жылдары 5 жылда 1344 жаңы техника сатып алынган.

Андан соң МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Т. Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияга жол тартып, жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чарага катышты.

Ал өз сөзүндө Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен акыркы беш жылда мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгү кеңейгенин, мурда жол тармагына жылына болжол менен 2 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп келсе, акыркы жылдары каржылоонун көлөмү 60 млрд сомго жеткенин билдирди.

“Кадырлуу жолчулар! Акыркы беш жылда өтө көп чоң жолдор салынды. Өлкөнүн бардык аймагын кошкондо маселен асфальт төшөө иштеринде, 2025-жылы 1 545 чакырым жол асфальтталса, быйыл 1 700 чакырымдан ашат. Бул – жол куруунун масштабы кандай өскөнүнүн тастыктайт. Айрыкча ардактуу ардагерлер! Бүгүнкү жетишкендиктерде сиздердин да чоң эмгегиңиздер жатат. Бүгүн биз сыймыктанган жолдордун башатында сиздердин ак эмгегиңиздер, бүтүндөй өмүрүңүздөр турат. Бүгүн дүйнөдө жеткирүү чынжырлары кайра түзүлүп, мамлекеттер дүйнөлүк рынокторго чыгуунун жаңы багыттарын ачууда. Ал эми курулуп жаткан Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунда Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн ар бир жүк өлкөбүзгө киреше, ишкерлерибизге мүмкүнчүлүк, элибизге жумуш ордун алып келерине ишенем. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!”, — деп сөзүн жыйынтыктады МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.

Соңунда, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, жемиштүү эмгеги жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту жана жол чарбасы кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары жана алкыштары тапшырылды.

Ошондой эле, салтанаттуу иш-чаранын алкагында өлкөнүн бир катар аймактарында курулуп, оңдолгон маанилүү автомобиль жолдорунун объектилерин онлайн режиминде ачылды.

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X