Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Казакстанга барат

29-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-31-январда жумуш сапары менен Казакстандын Алматы шаарына барат. Жумуш сапарынын алкагында минкаб башчысы Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Ошондой эле жыл сайын өтүүчү Digital Almaty 2025 санариптик форумунда сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

29-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X