Афганистан Индонезиядан күчтүү экен

Кечээ, Дубайда футбол боюнча Индонезия жана Афганистан курама командалары жолдоштук беттешүү өткөрдү. Оюндун биринчи бөлүгү 2:0 эсебинде аяктап, Афганистан алдыга чыккан. Экинчи топтун автору болгон Амируддин Шарифи учурда Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» клубунда ойнойт. Кыргызстандын быйылкы жылкы биринчилигинде 8 топ кийирип чабуулчулар арасында көч башында келет. Оюндун экинчи бөлүгүндө Афганистан дагы бир топ кийирген. Индонезиялыктар 2 топ менен жооп кайтарып,  оюн 2:3 эсебинде аяктаган.  

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X