Агрессивдүү айдоочуларга 10 миң сом айып пул салуу сунушталды

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100

26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга карата жоопкерчиликти күчөтүү жана жашыл бак-дарактарды коргоо боюнча эки мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Сунушка ылайык, жолдо агрессивдүү жүрүм-турум көрсөткөн айдоочуларга биринчи жолу 10 миң сом айып пул салуу, ал эми алты ай ичинде кайталаган учурда айдоочулук укугунан алты айга ажыратуу каралууда.

Мындан тышкары, калктуу конуштардагы жашыл бак-дарактарды коргоо боюнча мыйзам долбоору да биринчи окуудан өттү. Анда ар бир даракты санариптик каттоого алуу, парктарды жана гүлзарларды сактоо, ошондой эле кыйылган ар бир дарактын ордуна «бешке бир» принциби менен көчөт отургузуу сунушталууда.

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X