Айбек Солпиевдин сүрөтү «Түндүктө» эмне үчүн көрүнүп калган?

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71

«Түндүк» мамлекеттик тиркемесиндеги президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо бөлүмү штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу тиркемедеги техникалык мүчүлүштүккө байланыштуу түшүндүрмө берилди.

Маалыматка ылайык, буга чейин бөлүмдө Айбек Солпиевдин аты-жөнү жана сүрөтү пайда болгон. Бул маалыматтар маалыматтык системанын коопсуздугун текшерүү учурунда колдонулган тесттик маалыматтар болгон.

Техникалык иштердин жүрүшүндө ички колдонууга гана арналган маалыматтар пайдаланылган. Бирок техникалык катадан улам алар адистерге гана эмес, тиркеменин бардык колдонуучуларына убактылуу көрүнүп калган.

Учурда ката толугу менен жоюлуп, тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Система туруктуу иштеп, талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо процесси кадимки тартипте уланууда.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X