Аида Исмаилова кыргыз-корей мамилелерин чыңдоого жан үрөйт

26-март, 2022-ж. / Редакция / Башкы кабар 78

Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде 2022-жылдын 25-мартында ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Рю Джонг Хён менен жолугушту. Министрдин орун басары Рю Чон Хён Элчи Аида Исмаилованы Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына киришүүсү менен куттуктап, ишине ийгилик жана жемиштүү иш алып барууну каалады. Өз кезегинде элчи Аида Исмаилова каалоо-тилектерге ыраазычылык билдирип, ар тараптуу кыргыз-корей мамилелерин мындан ары да чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары туурасында баарлашышты.

26-март, 2022-ж. / Редакция / Башкы кабар 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X