Аида Исмаилова Пак Чон Су менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын Президентине караштуу Түндүк Экономикалык Кызматташтык боюнча Комитеттин Төрагасы Пак Чон Су мырза менен жолугушту. Жолугушууда жакынкы жылдарга Кыргыз-Түштүк Корея кызматташтыгынын келечектүү багыттарын талкуулашты. Кадр потенциалын, инфраструктураны жогорулатуу, инвестицияларды тартуу айыл чарба, транспорт жана логистика, энергетика, экология, билим берүү жана санариптештирүү тармактарында кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты. Мындан тышкары, COVID-19 менен күрөшүүнүн алкагында саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.
Комитеттин төрагасы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мультипликативдик мамиленин маанилүүлүгүн, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгону Кыргыз Республикасына, Түштүк Кореяга эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө кошумча дем берээрин белгиледи.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Элчиси А.Исмаилова Корея Республикасы Кыргызстан үчүн Азия-Тынч океан аймагындагы эң маанилүү өнөктөштөрдүн бири экенин билдирди. Бул Кыргызстанды Түштүк Кореянын өкмөтү өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү менен тастыкталат. Ошондой эле биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн, өз ара сапарлардын жыштыгын жана эки тараптуу мамилелердин маанилүүлүгүн белгиледи.