Аида Исмаилованын ордуна жаңы элчи дайындалды
Аида Исмаилова Кыргызстандын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Анын ордуна Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Кореядагы жаңы элчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка да мамлекет башчысы кол койгон.