Аида Салянова: Президенттин колдоосу саясий маданияттын жаңы деңгээлин көрсөттү
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова социалдык тармактагы баракчасында президент тарабынан көрсөтүлгөн колдоого байланыштуу пикирин билдирип, бул кадамды саясий маданияттын жана мамлекеттик ой жүгүртүүнүн жаңы деңгээли катары баалаганын жазды.
Анын айтымында, ал Башкы прокурор болуп турган мезгилде өлкөнүн азыркы президенти кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошого байланыштуу Салянова келечекте кандайдыр бир мамлекеттик кызматка талапкер болгондо президент тарабынан колдоо таппайм деп ойлоп жүргөнүн белгилеген.
«Таң калтырганы – анын эски таарынычтарды эстебей, мени колдогону болду. Мен өз позициямдан эч качан тайган эмесмин», — деп жазган Салянова.
Ал президенттин бул чечимин өлкөнүн кызыкчылыктарын жеке жана саясий пикир келишпестиктерден жогору койгон кадам катары мүнөздөдү. Салянова мындай аракетти «күчтүү шахматтык жүрүшкө» салыштырып, анын мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана коомду бириктирүүгө багытталганын белгиледи.
Мурдагы башкы прокурордун пикиринде, бул кадам президенттин өлкөнү өзгөртүүгө, жаңы баалуулуктарды жана жаңы саясий күн тартибин калыптандырууга умтулуп жатканын көрсөтөт.
Ошондой эле ал өзүнө көрсөтүлгөн ишенимди өлкө жана жаш муун алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл аларын билдирди.