Айдоочуларга эскертүү: Бишкек – Ош жолуна кар жаады
29-октябрда таңга маал Бишкек – Ош автожолунун 125–139-чакырымдар аралыгына кар жаады. Жол тейлөө кызматкерлери тайгактын алдын алуу үчүн жолго кум-туз аралашмасын себишти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда кар токтоп, автожол ачык. Унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.
Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркештам автожолундагы Талдык жана Тонмурун ашууларына кар жаап жатат. № 960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго инерттик материалдарды себүүдө. Аталган ашууларда да жол ачык жана унаалар каттап жатат.
Министрлик тоолуу аймактарда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жолдор тайгак болушу мүмкүн экенин эскертти.
Айдоочуларга сапар алдында унаанын техникалык абалын текшерип, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштыруу, ылдамдыкты жана унаалардын ортосундагы аралыкты сактоо сунушталат.