Айдоочуларга эскертүү: Тоолуу жолдордо кар жана туман күтүлөт

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 121

Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Буга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жолдо этият болууга чакырды.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 10-ноябрда күндүз жана 11-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын болуп, 11-ноябрда жаан карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Ошондой эле туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетет.

Мындай шартта тоолуу аймактардагы жолдор тоңголок жана тайгак болот. Бул унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратып, жолдогу көрүү аралыгын начарлатышы мүмкүн.

Министрлик айдоочуларга төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайт:

  • унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты сактоо;

  • ылдамдыкты жолдун абалына жараша тандоо;

  • кышкы дөңгөлөктөрдүн абалын текшерүү;

  • алыскы сапарга чыгар алдында унаанын техникалык абалына көңүл буруу.

Министрлик айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактап, аба ырайын эске алуу менен жолго чыгууга чакырат.

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 121
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X