Айгүл Жапарова 35 миң долларлык килемди алуудан баш тартты
Кырчында Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапаровага баасы 35 миң доллар турган өзгөчө килем белекке сунушталды. Бирок ал белекти алуудан баш тартты.
Кол эмгеги менен жасалган килем 4 миң кымбат баалуу таш менен кооздолгон.
Килемдин автору бул эмгегин атайын биринчи айымга белек кылуу максатында жасаганын билдирген.