Айгүл Жапарова “Акылман” лицейинин акыркы коңгуроо салтанатына катышты
Айгүл Жапарова Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Акылман президенттик лицейинде өткөн акыркы коңгуроо аземине катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.
Салтанаттын жүрүшүндө биринчи айым лицейде өлкөнүн жети дубанынан тандалып келген билимдүү жана таланттуу окуучулар билим алып жатканын белгилеп, жаштардын келечеги билим менен түзүлөрүн айтты.
“Кайсы доорду карабайлы, коомдун өнүгүшү да, мамлекеттин күч алышы да билим жана тарбия менен байланыштуу. Улуу жетишкендиктердин баары билим аркылуу жаралат”, — деди Айгүл Жапарова.
Ал ошондой эле бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, алдыдагы чоң максаттарына жетип, Кыргызстанга кызмат кылган уул-кыздардан болушуна тилектеш экенин билдирди.
Белгилей кетсек, “Акылман” президенттик лицейи таланттуу балдарды колдоо жана сапаттуу билим берүү максатында 2023-жылы негизделген. Лицейде окуу толугу менен акысыз жүргүзүлүп, окуучулар атайын тандоо сынагынын негизинде кабыл алынат.