Айыл чарба министрлигинде «Манас» жаңырды

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90

18-ноябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде «Манас» эпосун тармактарга таанытуу» долбоорунун алкагында маданий иш-чара өттү.

Анын жүрүшүндө министрликтин кызматкерлерине кыргыз элинин руханий мурасы болгон «Манас» эпосунун тарыхы, маданий мааниси жана аны кийинки муундарга жеткирүү маселелери тааныштырылды.

Иш-чарада төкмө акын Мухаммед Султанов өнөрүн тартууласа, Кыргызстандын эл артисти, манасчы Рысбай Исаков «Манас» айтып, эпостун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Ошондой эле «Манас» улуттук академиясынын вице-президенти Кыргыйбек Молдожунусов эпостун изилденүү тарыхы боюнча лекция окуду.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү — улуттук мурасты заманбап технологиялар аркылуу таанытуу болду. Катышуучуларга «Манас ааламы» жана «Көктүн уулу» аттуу санариптик иммерсивдик музейлер интернет аркылуу көрсөтүлдү. Бул технологиялар эпостун дүйнөсүнө виртуалдык форматта саякаттоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, «Манас» улуттук академиясы чыгарган илимий жана көркөм китептер, улуттук тарых менен руханий мурасты чагылдырган даректүү тасмалардын үзүндүлөрү көрсөтүлдү.

Иш-чара Президенттин «Манас» эпосунун үчилтиги жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу боюнча жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X