Айыл чарбасына 12,6 млрд сом багытталды: Насыялардын шарттары кандай?

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97

2026-жылы Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн 12 млрд 645,7 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Жалпысынан 10 миң 599 насыя каржыланды.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл агроөнөр жай комплексин жеңилдетилген каржылоо боюнча сегиз долбоор ишке ашырылууда. Насыялар жылдык 2-6 пайыздык үстөк менен 3 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Жеңилдетилген мезгил 6 айдан 12 айга чейин каралган.

Насыяларды субсидиялоого 1 млрд 198 млн сом бөлүнгөн.

Каржылоонун эң чоң көлөмү Чүй облусуна багытталып, 3 млрд 798,6 млн сомду түзгөн. Аймактар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:

  • Чүй облусу — 3 млрд 798,6 млн сом;

  • Ысык-Көл облусу — 2 млрд 218,9 млн сом;

  • Жалал-Абад облусу — 1 млрд 910,5 млн сом;

  • Ош облусу — 1 млрд 547,5 млн сом;

  • Талас облусу — 1 млрд 483,5 млн сом;

  • Нарын облусу — 1 млрд 176,5 млн сом;

  • Баткен облусу — 510,1 млн сом.

Ал эми 2027-жылы айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жалпы көлөмү 20 млрд сомду түзгөн беш жеңилдетилген каржылоо долбоорун ишке ашыруу сунушталууда. Учурда бул сунуш каралып жатат.

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X