Айыл өкмөт жана мэрия кызматкерлеринин айлыгы 45 миң сомго чейин көбөйүшү мүмкүн

4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 141

Айыл өкмөттөрүндө жана мэрияларда иштеген айрым кызматкерлердин айлыгы сентябрдан тарта 40-45 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин өкүлү Мыктыбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, кызматтык маянага 50 пайызга чейин үстөк кошулуп, мындан тышкары ай сайын 15 миң сом компенсациялык төлөм берилет.

Буга чейин иштин татаалдыгы үчүн айыл өкмөттөрү менен мэриялардын кызматкерлерине 10 пайызга чейин, аймактык мамлекеттик органдарда иштегендерге 25 пайызга чейин үстөк төлөнүп келген.

Өмүрзаковдун маалыматына караганда, учурда 21-22 миң сом алган кызматкердин айлыгы бардык төлөмдөрдү эске алганда 40-45 миң сомго чейин көбөйүшү мүмкүн. Жалпысынан айлык орточо 74 пайызга жогорулайт.

Ошол эле учурда 15 миң сомдук компенсация өргүү акчасын жана пенсияны эсептөөдө эске алынбайт.

Президент Садыр Жапаров буга чейин аймактарда иштеген айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге компенсациялык төлөм берүү боюнча жарлыкка кол койгон.

4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 141
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X