Айжаркын Эргешова: «Кыргызстандын бутуна туруп, өнүгүп баратканына суктандым»

29-август, 2026-ж. / Редакция / Күн собол 127

Акын, журналист Айжаркын Эргешова «Ырыс-Ордо» конгресс-холлунун курулушуна жана анын өзгөчө архитектурасына суктанганын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө мындай заманбап жана улуттук баалуулуктарды айкалыштырган имараттардын салынышы Кыргызстандын жаңы нукта өнүгүп баратканынын белгиси.

«Атасыз баладай жүдөп, чүнчүп, тизелеп бараткан өлкөмдүн бутуна туруп баратканына, ушундай керемет имараттар салынып жатканына суктандым. Касиеттүү кыргыз жерине кандай имарат түшсө да жарашып, көркүн ачып жатканына суктандым. Сыймыктанганым — сыйлуу конок катары «Ырыс-Ордонун» ырыскысына шериктеш, насиптеш болгонум», — деди ал.

 

Чынайым Кутманалиев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X