"Эркин-Тоо"

Аймактарда эмне кеп?

Лейлек. Сүлүктүдө шахтадан газ чыгып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Сүлүктү шаарында жайгашкан шахталардын биринде газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарек боюнча шаардагы 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу бөлүмүнөн жалпы 7 куткаруучу тартылган. Бактыга жараша жабыр тарткандар болгон эмес.

Жалал-Абад. Бишкек – Ош унаа жолундагы туннелдерден автотранспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды алуу үчүн Сосновка жана Кара-Көл өткөрмө постторунда коррупциялык элементтерди жокко чыгаруучу накталай эмес түрдө акча төлөө системасын киргизүү мерчемделген. Бул система унаа каражатынын мамлекеттик каттоо номерин таануу менен төлөй турган акча каражатынын өлчөмүн эсептеп чыгат. Учурда бул система Сосновка постунда толук кандуу иштеп жатат. Эми ушундай эле иштер Кара-Көл постунда да жүзөгө ашырылмакчы. Бүгүнкү күндө постко тиешелүү жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Бир айдын ичинде айдоочулар акчаны накталай эмес түрдө төлөп баштайт.

Чүй. Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды контролдоо бөлүмү Чүй облусунда рейддик иш-чараларды өткөрдү. Анын натыйжасында бир нече жарандар мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн кармалды. Мыйзам бузган жарандарга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Аңчылык эрежелерин бузуу» беренеси боюнча протоколдор түзүлүп, 50 миң сом айып салынды. Эске салсак, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү улантып, аймактардагы экологиялык тең салмактуулукту сактоо үчүн ишин күчөтүүдө.

Ош. Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кара-Кулжа айылында жайгашкан айыл чарба багытындагы 12,5 га жер тилкеси жеке тараптардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган. Прокуратура тарабынан сотко келтирилген доо арыздын натыйжасы менен 4 млн 983 миң сомдук 12,5 га жер тилке муниципалдык менчике кайтарылды.

 

Кылычбек Кудайбергенов

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!