Айнура Арстанбекова Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Ага ылайык, Ленин райондук билим берүү борборунун жаңы жетекчиси болуп Темирканова Таалайгүл Эмилбековна дайындалды.