Айпери Медет кызы алгачкы атаандашын 7:3 эсебинде утту

21-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 43

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында алгачкы атаандашын жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайты жазды.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта япониялык Юка Кагамини 7:3 эсебинде утту. Медет кызынын кийинки атаандашы индиялык спортчу Судеш Кумари болмокчу.

Белгилей кетсек, чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

 

21-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X