Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калды

27-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 43

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калды.

Жаңыланган рейтинг 19-24-апрелде Улан-Батордо өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн.

Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, күмүш байгеге ээ болуп, 2-орунду алган.

Бул жыйынтык ага 94 миң 400 упай топтоп, экинчи болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинден айырмачылыкты арттырууга мүмкүндүк бергени айтылды. Ал эми финалда Тыныбекованы жеңген жапониялык Нонока Озаки 5-орунда турат.

27-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X