"Эркин-Тоо"

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча биринчи орунга чыкты.

Аталган уюмдун сайтында Түркиянын Анталия шаарында өткөн Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинен кийин жаңыланган рейтинг жарыяланды.

Экинчи орунга жапониялык спортчу Сакура Мотоки илинсе, кийинки орунда новергиялык Грэйс Якоб Буллен турат.