Айсулуу Тыныбекова жеңилүү ызасын тартты

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 35

Бүгүн, 22-апрелде коңшу Монголиянын Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештеринде финалда Айсулуу Тыныбекова япониялык Нонока Озаки аттуу балбан кыз менен кез келип, 9:1 эсебинде жеңилип калды.

Биринчи бөлүктө атаандаш активдүү болбогону үчүн Айсулуу Тыныбекова 1 упай алды.
Экинчи бөлүктө Айсулуу Тыныбекова атаандашына 9 упай алдырды.

Жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду.

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X