Адаттагыдай эле жыл жыйынтыкталып, мамлекеттик да, мамлекеттик эмес да мекемелер жыл жыйынтыгын чыгарышып, ар кандай критерийлер менен ийгиликтүү деп табылган адамдар орден, медалдар, акчалай сыйлыктар менен сыйланып, шаң-шарапат менен мыкты иш-чаралар 2024-жылдын соңунда болуп өткөнүнө жалпы коомчулук күбө болдук. Кээ бир орден, медалдар “Иттин уулу Байгарадан, Иттин кызы Байсарага” чейин берилгенин айтып, наалып чыккандар да жок эмес. Албетте мыйзам бөгөт койбогон нерсеге жол берилет. Демократиялык укуктук мамлекетте коомдук уюмдар сыйлык уюштуруп, татыктуу деп табылган инсандарды сыйлоого толук укугу бар. Бирок, нарктуу элде кээ бир учурларда жазылган мыйзамдарга караганда жазылбаган мыйзамдар көбүрөк таасир эткен учурлар да кездешет. …Биз анчейин маани бербей келе жаткан «КОН» деген термин бар . ЗАКОН – «CON» деген эмне? CONA – жамаат (үй-бүлө, уруу, тукум) бирдиктүү тутумдун жыйындысы катары, элдер бир жалпы эрежелерге баш ийишкен (Канонам, Кононам) ушул КОНАнын ичинде гана иш алып баруу. КОНдон тышкары эрежелери – “ZaKona” ЗАКОН – кондун артында, кондун чек арасынын сыртында иштейт. KONNON – эрежелер топтому. Сөзмө-сөз айтканда, Байыркы грек жана латын тилдеринде «Cоnon» – эреже, норма.
Закон жөнүндө көпчүлүк уккан, бирок анын бардыгы адам турмушунда толук аткарылбайт. ЗАКОН адамдардын жана алар жашаган коомдогу мамлекеттер аралык, ошондой эле мамлекет менен элдин өз ара аракеттенүү ченемдик, укуктук актыларын ырааттуу түрдө орнотуп берген курал. Адам жасай турган жана жасабашы керек болгон конкреттүү аракеттердин аныктамасы. Ачыгын айтканда, үй-бүлөлүк мамилелерде биз тышкы, мамлекеттик мыйзамдарга (күбөлүк, документтерди алуудан башка) көп деле кайрылбайбыз, биз мамилелерди белгиленген ички КОНОНдорго ылайык жөнгө салууну артык көрөбүз, бул нерсе адам жашоосунда кылымдар бою өзүнүн күчүн жоготпогону бекер жеринен эмес, КОНОНдор адам табиятына жакын. Ал адамзат жаралгандан бүгүнкү күнгө чейин жазылбаган каада-салт алкагында, канга сиңген инстинкт катары мына ошондой жүргүзүлүп келет. Биз үй-бүлөлүк маселелерде депутаттар кабыл алган ЗАКОНдор боюнча эмес, табигый КОНОНдорго ылайык адамдык АБИЙИР жөнүндө эрежелерге макул болуп, ата-эне, бир туугандарыбызды Кудайдан кийинки орунда урматтап, сыйлап жашайбыз.
Мен жыл башында интернет айдыңындагы социалдык баракчаларды карап отуруп Бакытбек Болгомбаев деген жарандын “ФБ” баракчасынан, аалам алпы Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Чыңгызович Айтматовго кайрылган куш тилиндей катын окуп, андан ары бул кайрылууга карата айтылган коомчулуктун пикирине назарым түштү. Келиңиздер, элдин пикирин чогуу окуп көрөлү:
Бакытбек Болгомбаев: “Eldar Чыңгызович, саламатсызбы? Улуу жазуучунун атындагы «орден», «медалдардан» кабарыңыз болсо керек. Төмөндөгү сүрөттө коомдук уюм, бирикмелер Чыңгыз Айтматовдун атынан медаль, ордендерди жасап алып элге тапшырып жүргөндөрү канчалык деңгээлде мыйзамдуу? Улуу жазуучунун мураскору катары кызыгып көрдүңүзбү? Юристтер менен кеңешип көрдүңүзбү? Болгону, улуу инсандын ысымын көтөрө чалып, топтошкон беш-алты кишинин бизнесине айлантып алгандан уялышыбыз керек го. Улууну улуудай, бийикти бийиктей аздектегенибиз туура.”
Бакытбек Болгомбаев: “Сүйүнбек Касмамбетов аба, ушундай башаламандыкка чекит коюш керек. Идеология деген ушул.”
Нурбек Жоошбаев: “Туура!”
Бурул Калчабаева: “Орденди чыгарып, батектей баракка Карабуура баатыр, андан бери бабасы Шекерге чейин жазып диплом чыгарып, жыйындан калбай бетине кармап барып жүргөн Дөөлөтбек Шадыбеков деген Чыңгыз агабыздын жакын тууганы. Анан да Роза Төрөкуловнаны, Дарика Жалгасынова эжекелерди кошуп ээрчитип алат. Акырын айтсаң да, катуу айтсаң да укпаган киши. Элдар деле билет болуш керек. Агайдын аброюн кетирдиң деп айтып эле жүрөбүз. Бир жолу эже кой десе болбой сахнага чыгып алып тапшырды. Ушуну туура козгодуң. Токтоттуруу керек.”
Мика Үсөналиева: “Ар кайсы коомдук уюмдар берип жүрөт, токтотуулары керек…Залкарга улуудай мамиле кылганды үйрөнсөк болот эле .. Мындай сыйлыкты Ассоль Молдокматова эжебиз да берип жүрөт…”
Шабдан Сулайманов: “Өтө туура эмес иш го. Айтматов сыйлыгын ашка-тойго таркатпай, керек болсо Нобелдин деңгээлине жеткиришибиз керек болчу.”
Топчугүл Шайдуллаева: “Туура маселе көтөрүлдү, мындайды токтотуу керек!”
Жолдош Турдубаев: “Манас менен Чыңгыз Айтматов баштаган бийик ысымдарды, «Мекен», «Ата-журт», «Кыргызстан» сыяктуу ыйык сөздөрдү утурумдук мүдөөгө пайдаланууга бөгөт коюш керек. «Айкөл», «эл баатыры (акыны, артисти ж.б.), «залкар», «кеменгер» дегендей түшүнүктөрдү да майда-барат нерселерге аралаштырбай жүрүү үчүн мамлекеттик жана коомдук уюмдардын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Буларды акчага баалап саткан чайкоочулукту токтотуу үчүн эң таасирдүү чараларды көрүш керек.”
Замирбек Абылаев: “Туура маселе, тартипке салуу керек.”
Эрлан Жумагазиев: “Мирлан Самыйкожо, ушул боюнча маселе көтөрсөң жакшы болот эле. Негизги орден-медаль дегендерди мамлекеттик органдарга гана калтырып, коомдук фонд, коомдук бирикме, дагы эмне балээ дегендердин өз алдынча орден-медаль чыгарышына тыюу салынганы дурус болмок.”
Муса Сапаев: “Дүйнөлүк практикада коомдук уюмдардын сыйлыгы биринчи планда, мисалы Нобель, Карнеги, Чаплин ж. б. Конституцияны окугула, Кыргызстан демократиялык өлкө.”
Бакытбек Болгомбаев: “Муса Сапаев, көрүнгөн дурак Айтматовдун атын көтөрө чаап орден жасап алып сата берсе кайсы ыйыгы калат? Сиз айткан адамдардын атындагы наамдар чоң системанын туундусу. Ал жерде билим, көрө билгичтик турат. Айтматов атындагы орденди бизде 10го жакын коомдук уюм таратат экен. Сиз айткан иш-аракеттер менен биздеги иш-аракеттин айырмасы асман менен жердей.”
Гүлзада Станалиева: “Балээ болгон го сыйлыктар. Мамлекет көзөмөлгө алышы керек.”
Ленара Ниязбекова: “Негизи эле медаль менен орден саткан уюмдардын ишмердүүлүгү канчалык мыйзамдуу экендигин текшерүүгө мезгил жетти окшойт. Айрымдар бул жумушту кадимки коммерциялык иш-аракеттерге айлантып, мыйзамсыз акча булагына айландырышса, айрымдары өзүн-өзү каржылоо деп жүрүшөт. Ал ортодо мамлекеттик сыйлыктын абалы да мындан калышпайт. Себеби, баягы эле караң калган жең ичинен иш бүтүрмөй, сатмай-сатып алмай… Ч.Айтматов өңдүү залкарлардын наамындагы сыйлыктар мамлекеттик деңгээлде, мыйзам алкагында болгону дурус… Болбосо орден — медалдарды саткан спекуляция жылдан-жылга күчөп жатканын, ким тана алат?..”
Дарика Асилбекова: “Бизнес болуп калды! Кой деген кожо жок! Уялбай эле сата башташты, Кудай сактаа!”
Мамбеттокто Өмүр: “Эң орчундуу маселени көтөрдүңүз, Азыр эл арасынан акча жыйнап сыйлык тараткандар аябай көбөйүп кетти. Ушундай илдеттерди жөнгө салбаса, сыйлыктардын кадыры кетет.”
Фарида Эркулова: “Эң туура маселе көтөрүлүп жатат. Бул кылгандарыбыз Кудайга дагы жакпаса керек… Караш керек.”
Замир Эралиев: “Туура маселе!”
Жуса Касиетов: “Деги эле сыйлык, наам, орден, медаль дегендерди жоюп эле салышса жакшы болмок. Акчага сатып алышып «мен кыйынмын» дегендер шаарга батпай кетишти.”
Каныкей Эралиева: “5000 сомго сатышат.”
Лайли Үкүбаева: “Токтотуу керек!”
Рахмат Өмүрбек уулу: “Чыңгыз Айтматов жана Алыкул Осмоновго атайын арналып алардын кадыр-баркы үчүн деп атайын мыйзам долбоорун кабыл алыш керек. Мыйзам менен бекитилбесе ушундай көрүнүштөр толтура боло берет.”
Бакытбек Болгомбаев: “Рахмат Өмүрбек уулу туура. Ээн баш элбиз. Мыйзам менен ооздуктабаса болбойт.”
Бул албетте коомдогу бир катмар элдин жеке пикири. Мыйзам жол берет. Даанышман аксакал – Муса Сапаев айткандай дүйнөлүк практикада Нобель, Карнеги, Чаплин ж. б. коомдук уюмдардын сыйлыгы биринчи планда турарында да талаш жок. Бирок ошол Айтматов сыйлыгын кимдер кимдерге, кандай деңгээлде, эмне деген критерийлердин негизинде, эмне максат менен берип жатат?.. – маселе мына ошондо. Жалпы элдин пикири менен албетте эсептешүү зарыл. Мамлекет – Улут – Эл. Бул үч сөз бир эле түшүнүк. Мамлекеттин ээси Эл. Ар бир кабыл алынган ЗАКОН да ошол мамлекеттеги элдин кызыкчылыгын коргойт. ЗАКОНдо көрсөтүлбөгөн нерселер табигый КОНОНдорго ылайык адамдык АБИЙИР жөнүндө эрежелер менен корголууга тийиш. Абийирдүү эл өз абройун ар кимге тепсетпейт. Биз Кыргыз эли улут сыймыгы болгон Айтматовдун сыйлыгын Нобелдин деңгээлине көтөрө албасак, анда аны абийирдүүлүк менен коргоп, ар ким жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга жол бербешибиз керек. Бул нарктуу элдин жазылбаган мыйзамы.
Бахпурбек Аленов