"Эркин-Тоо"

Айыл чарба министри: «Быйыл сугат суу боюнча чоң маселе болбойт»

Кыргызстанда 2021-жылы болгон суу көйгөйү бул жылы болбойт. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

«Биз сугат тармагын вегетацияга даярдадык. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн биринчи жолу республикалык бюджеттен алты эсе көп каражат бөлүнгөн. Буга чейин 600 миллион сомго жакын каражат колдонулду. Суунун коротулушун бир кыйла кыскартууга жетиштик»,-деди.

Министр жаз жана жайдын башында жаан-чачындуу болгондугуна байланыштуу дарыялардагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу жогору экенин белгиледи.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!