Айылдык акын Абдымомун Калбаев 70 жашта
«Жаңы Ала Тоо” журналынын эл аралык «Арча», Кыргызстан жазуучулар союзунун “Алтын калем”, жаштардын ”Нурборбор” чыгармачыл академиясынын “Ашым Жакыпбеков” атындагы республикалык адабий сыйлыктарынын лауреаты, Омор Султановдун эл аралык коомдук поэзия академиясынын академиги, Аксы районунун, Кербен шаарынын жана Авлетим айыл єкмєтүнүн ардактуу атуулу Абдымомун Калбаев 70 жашка толуп олтурат.
Айылдык акын жана жазуучу Абдымомун Калбаев 1976-жылы Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктаган соң, Жаңы-Жол райондук “Жаңы-Турмуш” газетасында адабий кызматкер болуп жумушка кабыл алынат. Райондук гезиттин жєнєкєй кызматкерлигинен баштап башкы редакторлук кызматына чейин эмгектенген. Азыркы мезгилде Жалал-Абад облустук медиа борборунун кабарчысы болуп иштейт.
Ал адабият менен журналистиканын эки тизгин бир чылбырын кошо карманып чыгармачылыкка жан үрєп киришип, чыгармалары республикалык басылмаларга чейин байма-бай жарыяланып тургандыгын окурмандар жакшы билишет.
А.Калбаев Аксыдан чыккан эң таланттуу акындардын бири Молдобагыш Сарыбай уулунун, таланттуу обончу жана аткаруучу Ормонбек Асановдун, фольклорчу Жоробек Турдалиевдин, Аксылык жаш таланттардын ырлар жыйнагын редакциялап, китеп кылып чыгарып элге жеткирүүгє чоң салым кошкон.
Анын чыгармаларынын басымдуу бєлүгү балдарга арналгандыгын баса белгилей кетсек болот. Балдарга арналган алгачкы “Майлуу токоч” аттуу китеби 1997-жылы жарык кєргєн. Мындан башка анын чыгармалары орус, азербайжан, єзбек, казак тилдерине да которулган. Жалпысынан алганда Абдымомун Калбаев 28 китептин автору.
А.Калбаевдин чыгармачылык эмгеги жогору бааланып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин жана Кыргызстан Журналисттер союзунун Ардак грамоталары, “УТРКнын отличниги”, “Кыргыз маданиятынын мыкты кызматкери”,”Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” тєш белгилери менен сыйланган. Кыргызстан жазуучулар союзунун жана Журналисттер союзунун мүчєсү.
Абдымомун Калбаевди 70 жаш кутман курагы менен куттуктап бекем ден соолук, мындан аркы чыгармачылык ишине ийгиликтерди каалайбыз.
Орункул Сатыкулов