Ак-Босого жана Мурас-Ордо жаңы конуштарында сейил бактар пайда болот

14-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 42

Бишкектин Ак-Босого жана Мурас-Ордо жаңы конуштарында үч сейил багы пайда болот. Бул тууралуу «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сейил бактар Ак-Босого жаңы конушунун Чүй-41, Чүй-52 көчөлөрүнө жана Мурас-Ордо жаңы конушуна салуу пландалып жатат.
«Жаңы эс алуу жайларынын жалпы аянты төрт гектарды түзөт. Анын ичинде футбол талаасы, спорттук жана балдар аянтчалары, жайкы эстрадалык аянтча жана башкалар болот», —  деп айтылат билдирүүдө.
14-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X