Ак-Босогодо жол жаңыланып, 38 бак отургузулду
Бишкектин Ак-Босого конушундагы Чүй көчөсүнүн 1,8 чакырым бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Жолдун ачылышына шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты.
Мэриянын маалыматына караганда, оңдоо иштери Саадаев көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсүнө чейинки тилкеде жүргүзүлгөн. Аны «Су-4 Кара-Балта» ЖЧКсы аткарган.
Мындан тышкары, шаарды жашылдандыруу иштеринин алкагында Чүй көчөсүнө жакын жайгашкан скверге 38 катальпа көчөтү отургузулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Айбек Джунушалиев жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын кайрылууларын жана сунуштарын укту. Жыйынтыгында Биринчи Май районунун акимине көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, аларды чечүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.