Академик Исманкуловдон профессор Бейшеналиевге 9 суроо

18-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 43

Акыркы убактарда өлкөбүздүн медицина айдыңында болуп жаткан окуялар коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. Жашырганда эмне, өлкөбүз эгемендүүлүк алганы кыргыз медицина тармагында жүргүзүлүп келген реформа сезилээрлик жакшы нукка түшүп, өнүгүп кете алган жок. Ар кандай майда жаңылануу же кайра түзүү өңдүү иш-аракеттер гана көрсөтүлүп, чындыгында түпкү көйгөй чечилбей, бузулбаган дың жердей калып келди. Мына ошол “бармак басты, көз кысты” болуп элди алдоо үчүн жасалган реформалар саламаттык сактоо тармагын киши ыйлаарлык акбалга алып келди.

Тилекке каршы бир кездеги союз учурунан калган кээ бир имараттардан кол жуусак, көпчүлүгү менчиктештирүүнүн желаргысы менен ошол кездеги  чиновниктер менен ишкерлердин колуна өттү. А түгүл чоң мамлекеттик мекемелердин айрымдары балдар ооруканасынын эски имаратында иш жүргүзүүгө туура келген учурларга да коомчулук күбө болду.

Эң өкүнүчтүүсү, эң мыкты кесипкөй медицина кызматкерлеринин көпчүлүгү  башка өлкөгө жакшы жашоо издеп чыгып кетүүгө аргасыз болду. Айрым медицина өкүлдөрү өз арбайларын өздөрү согуп, кыргыз медицинасынын андан аркы жолун улантууга жана өнүктүрүүгө умтулуп, ар кандай менчик клиникаларды ачууну көздөшкөнү чындык. Ошол учурда эң башкысы жана негизгиси медицина тармагынын сапатын канткенде көтөрө алабыз деген орчундуу маселе турган. Заманбап технологиялар жана жабдуулар ошол кезде баа жеткис кымбат туураары белгилүү эмес беле. Анда мындай жабдууларды сатып алмак түгүл, союздан калгандарын сактап калуу көйгөйү орчундуу маселеге айланган. Ал кезде бардык тараптан мамлекеттин чамасы чакталуу эле.

Албетте, мамлекеттин көзүн карап олтура бербестен, өз күчүн жумшап элдин саламаттыгы үчүн эмгектенген бир катар иш билги менеджер-дарыгерлерди анда беш манжа менен  санап өтсөк болот эле. Алардын катарында өз алдынча эмгек жасап, көптөгөн адамдардын жарык дүйнөнү көрүүсүнө себепчи болгон академик,  бир сөз менен айтканда эчендеген элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон көз доктур Алмазбек Исманкулов да турган.

Акыркы кездерде Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин бул тармактагы жасаган өзгөртүүлөрү коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты. Кезек академик Алмазбек Исманкуловдун клиникасы жайгашкан имаратка жетти көрүнөт. Министр Алымкадыр Бейшеналиев профессорду кызматкерлери менен жабдыктарын алып чыгып кетүүсүн талап кылган видеосу социалдык тармактарда желдей тарады. Анын жүрүм-туруму тууралуу коомчулук арасында айтылган  ар кандай сөздөр кайрадан удургуп, узун элдин учуна тарады. Министр мырза, Алмазбек Исманкулов имаратты мыйзамсыз ээлеп келгендигин айтып, бошотуп чыгып кетүүсүн талап кылды. Биздин редакция буга чейин Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жүргүзүп жаткан реформасы боюнча өзү менен бир нече ирээт баарлашып, гезитке жарыялап, коомчулукка сунуштап келдик.

“Эркин-Тоо” гезити плюрализм принциптерин эске алып, көп жылдан бери академик Алмазбек Исманкуловдун клиникасы менен кызматташып, кызматкерлерибизге медициналык жактан колдоо көрсөтүп келген доктурдун өзү менен жолугуп бул маселе тууралуу өз оозунан маалымат алып, коомчулукка сунуштоону туура көрдүк. Анда сөз кезегин Алмазбек Исманкуловго берсек:

“…Анын келген максатын минтип түшүндүрсөм, ал министр катары келип, “көчө балдарындай” болуп коркутуп кетти. Жалпы коомчулук анын максатын түшүнбөй калды көрүнөт. Биздин клиникада жогорку билимдүү, интеллигент адамдар иштейт. Анын мазактаган, коркуткан маданиятсыз сөздөрүн уккандар кандай кабыл алышты?! Кылмыштуу топтун башчысындай болуп “тишиңерди санап, чачыңарды кесем, өз кишилеримди алып келип көчөгө чыгарам” деп ар кандай маданиятсыз сөздөрдү айтып кетти…

“…Лопух” – бул анын эң жакшы көргөн сөзү окшойт. Анткени бул сөздү ылайыгы келсе да, келбесе да өзгөчө ырахаттануу менен колдонот экен. Министр мырзанын ою ордунда эмес көрүнөт? Кинолорду көп көрүп, өзүн “»Бриллиантовая рука» же «Операция Ы»дагы терс каармандардын образына түшүп алганбы? Же “Бригададагы” балдардын образына өтө катуу таасирленип алганбы? Айтор түшүнүксүз…”

“…Анын кийинки кезеги биз сыйлаган белгилүү хирург, окумуштуу Акрамов Эрнст Хашимовичке жетти. Ал дагы Бейшеналиев үчүн лопух экен. Бардыгын өзү каалагандай калчаганга министр өзүн ким сезип жатат? Каалаган адамдын башын алып же ырайым бергидей ал эмне ханбы? Муну менен ал өзүнө көп жоопкерчиликти алып жаткан жокпу?..” дейт.

Азыр Алмазбек Исманкуловдун клиникасы жайгашкан имарат бир кезде кароосуз калган корпус болгон. Ошол кездеги абалы азыр да сүрөт беттеринде даана көрүнүп турат. Мына ошол кезде жеке-мамлекеттик өнөктөштүк программасынын негизинде өз каражатынын эсебинен Алмазбек Исманкулов капиталдык ремонт жүргүзүп, ижара акысын төлөп баштаган. Ал убакта мамлекеттин чама-чаркы болбогондуктан, дал ушундай жол менен имараттын менчик колго өтүп кетүүсүнөн сактоонун ыкмасы болгон. Эң негизгиси 20-25-жылдын ичинде ижарага төгүлгөн каражатка мамлекет жаңы оорукананын имаратын куруп алуусуна чоң мүмкүнчүлүк болмок. Келишимдин негизинде Бишкек шаардык мэриясынын казынасына учурда Исманкуловдун клиникасы жыл сайын 2 миллион 568 миң сом төлөйт экен. Ижара акысынын баасын Бишкек шаардык мэриясы жана шаардык кеңештин депутаттары мыйзамга ылайык аныктап бериптир. Келишимде ижаранын акысын ижарачы өзгөртүп алганга мүмкүн эмес. Жыл сайын ижара үчүн төгүлгөн акыны 25 жылга көбөйткөндө эле мамлекетке бир заңгыраган имараттын каражаты түшүп калып жатпайбы. Имаратты менчикке өткөрүп алган деген ар кандай жел сөздө чындыгы жок. Мыйзамдын негизинде келишим үч жылга узартылып, 2021-жылы декабрь айында алдын-ала 2022-жылдын 1-июнуна чейин ижара акысы төлөнүп берилген.

Академик Алмазбек Исманкулов: “Биз жаңы аппараттарды сатып алып, көп каражат короттук. Эми ижара акыны акташ үчүн биз иштешибиз керек. Биздин дарылануучулардын көпчүлүгү карапайым эл. Ошондуктан,  коммерциялык ижарага кетпей, муниципалдык ижарада турабыз. Муну менен карапайым элдин дарылануу акысы жогорулап кетпей, бир калыпта  кармалып турат. Анын үстүнө жеке жакка эмес, мамлекетке ижара акысы төлөнүп жатпайбы”, — дейт.

Ошондой эле министр бул имараттын ээси Бишкек шаардык мэриясы экендигин түшүнбөй жаткандыгын, келишим аяктап, төлөнгөн каражат бүтсө, имараттан чыгып кетүү ниети бар экенин кошумчалады.

“Мен ар дайым бийлик институтун сыйлайм. Бирок, министрге боорум ооруп турат. Оболу ага бир катар суроолор менен кайрылгым келет” – деген академик Алмазбек Исманкулов:

  1. Акрамовдун дарегине сын айтып жатып «ал кыргыз эмес, ошол үчүн кыргыздарды жаман көрөт» деп айттыңыз. Мындай сөздөрүңүз үчүн мыйзам алдында жооп берип калбайсызбы?
  2. Уюштуруу иштери боюнча тажрыйбаңыз барбы? Жок дегенде мамлекеттин түзүлүшүн элестете аласызбы? Имаратты ижарага алуу келишимин жасалма десеңиз, муну мэрия жокко чыгарып жатпайбы? Бул үчүн уялбай дагы деле өз “чындыгыңызды” таңуулап келесиз?
  3. Сиздин жөнөкөй эле юридикалык билимиңиз барбы? Айыпсыздык презумпция деген түшүнүк сизге таанышпы? Эмненин негизинде оңду-солду күнөөлөп прокурордун милдетин аткарып жатасыз?
  4. Биздин укуктук мамлекетте жашаарыбызды унутуп калдыңызбы?
  5. “Көчөгө ыргытып салчы”, “Сындырып салчы”, “Сибирге жөнөтүп салабыз” деп жеке өзүм билемдик менен коркутуп-үркүтүүлөрүңүз үчүн да кылмыш-кодексинде атайын берене бар экендигин унутпаңыз?
  6. Сиз мамлекеттик кызматкердин этикасы дегенди уктуңуз беле? Уккан болсоңуз “тишиңди бирден санайм”, “чачыңды өзүм кыркып берем”, “лопух” ж.б. кекеткен сөздөрүңүздү кандай түшүнсө болот?
  7. Жок дегенде аксакал адамды сыйлоо деген жөнөкөй адамгерчилик сапат барбы?
  8. Барчылыкты тең бөлүшүп, жокчулукта жардам берген ата-энемдей дарыгерлик искусствого үйрөткөн Гиппократтын анты таанышпы жана кесиптеш дарыгерлерге калыс болууга жана жеке адамдык сапатын шылдыңдабоого багытталган советтик врачтын антын унуткан жоксузбу (Өзгөчө өзүңүздөн улууларга)?
  9. Өзүңүздүн репутацияңызды акырына чейин булгай элегиңизде министрлик кызматтан кетүү тууралуу ой келбейби?

№27 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 18-марты
Жылдыз Дыйканова

 

18-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X