Акция аркылуу 29 кыргызстандык ID-карталарын алышты

Үстүбүздөгү жылдын 20-майына карата алынган маалыматтарга караганда, буга чейин 29 кыргызстандык жаран документтештирилип, идентификациялык карталарын алышкан. Алардын 26сы өспүрүмдөр, үчөө Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагерлери. Улуттук кампаниянын жүрүшүндө дагы 784 кыргызстандык документтештирилет. Эске салсак, ушу тапта  Кыргыз Республикасынын ID паспортторун акысыз берүү боюнча улуттук кампания уланууда. Улуттук кампания 31-августка чейин уланат жана документтерди (ID-карта) бекер берүү менен Кыргызстандын аялуу катмарынын жарандарын камтыйт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X