Аккулу Бердиев: «Мунайдын баасы дагы 5 сомго кымбатташы мүмкүн»

Кыргызстанда мунайга болгон баа дагы 5 сомго кымбатташы мумкун. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев бүгүн 17 июнда парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.

«Россияда бензиндин баасы 5 сомго көтөрүлдү. Жакында мындай көрүнүш Кыргызстанда да болушу мүмкүн. Бизде да баалар күн сайын өсүп жатат. Өкмөт бул боюнча бир программа даярдап жатабы? Бул маселенин чечүүнүн альтернативдүү жолдордун карап чыкпайсыздарбы?», — деп талап кылды депутат.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы тууралуу жана республиканын аймактарында сугат суусу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал жөнүндө маалыматын бүгүн 17 июнда кезектеги жыйынында талкуулап жатат.

Эскерте кетсек буга чеийин эл өкүлдөрү өлкөдөгү суу тартыштыгы тууралуу маселени бир нече жолу көтөрүп, өкмөт бул абалдан чыгуу учун тиешелүү иш-аракеттерди иштеп чыгуусу керектигин жана парламентте бул маселени талкуулоо зарылчылыгын айтышкан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X