"Эркин-Тоо"

Аксыда селдин кесепетинен жабыркагандарга 1,6 млн. сом жардам көрсөтүлдү

Министрлер кабинетинен төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Аксы районундагы селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам тапшырды. Бул тууралуу КК Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Айбек Жунушалиев мамлекет башчысынын атынан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 1 миллион сом, балдары набыт болгон эки үй-бүлөгө 100 миң сомдон берди. Ал эми министрлер кабинетинин башчысынын резервдик фондунан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 300 миң сом, балдары набыт болгон эки үй-бүлөгө эки 50 миң сомдон тапшырылды.

Пример HTML-страницы