Активисттер Эл аралык кылмыш сотуна кайрылышты
Кыргызстандын жай тургундарына каршы Тажикстандын бийлигинин аракеттерине тергөө жүргүзүү өтүнүчү жазылган кат Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна жиберилди. Бул тууралуу юрист, укук коргоочу Сания Токтогазиева билдирди. Эске салсак, Токтогазиева кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды иликтеген жарандык коомдун өкүлү. «Бүгүн, Рим статутунун 15-беренесинен пайдаланып, Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна Тажикстандын бийлигине каршы тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу жөнөттүм. Маалымат чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам бергендердин бардыгына терең ыраазычылыгымды билдирем», — деди С.Токтогазиева.