Акыйкатчы Москвада мигранттардын көйгөйлөрүн укту
Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында мекендештер менен жолугушуу өткөрүп, алардын укуктук көйгөйлөрүн укту. Жолугушуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде өттү.
Акыйкатчы Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Ички иштер министрлигинин Миграция кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте кыргызстандык жарандарды кабыл алды.
Жолугушууда мигранттар негизинен миграциялык каттоо, Россияда болуу мөөнөтүн узартуу, айып пулдар жана өлкөдөн чыгаруу коркунучу боюнча көйгөйлөрүн билдиришти.
Айрым жарандар каттоо мөөнөтүн өткөрүп жибергендиктен, көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине киргизилип, айып пул төлөө жана депортациялануу коркунучуна туш болушкан. Мындай маселелер студенттер арасында да кездешери белгиленди.
Мындан тышкары, эмгек укуктарынын бузулушу боюнча кайрылуулар болду. Алардын бири заводдо иштеп жүрүп өндүрүштүк жаракат алган кыргызстандык аялга байланыштуу. Ал колунун манжасынан ажырап, тогуз айдан бери дарыланып келет. Бирок иш берүүчү компенсация төлөөдөн баш тартып, аны заводдун жатаканасынан чыгарып салган. Учурда аял компенсация өндүрүү үчүн сотко кайрылган.
Ошондой эле кылмышка шектелип кармалган жашы жете элек өспүрүмдүн укуктары, Москвада камакка алынган кыргызстандык жубайларга котормочу берилбегени жана Россияда иштеген жарандардын эмгек стажын Кыргызстанда пенсия чектөөдө эсепке алуу маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар арыздар Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан кабыл алынды. Тиешелүү органдар жарандардын кайрылууларын карап чыгып, алардын укуктарын коргоого көмөк көрсөтөт.
Жолугушууга Кыргызстандын консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Асаналиев жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Жаркынай Галиева да катышты.