Акыйкатчы Сахароводогу мигранттарды кармоочу борборго барды

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 51

Кыргызстандын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Москвадагы Сахарово чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборуна барып, ал жакта кармалып турган кыргызстандыктардын абалы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Акыйкатчы мекендештерди кармоо шарттарын, медициналык жардамдын көрсөтүлүшүн жана алардын укуктарынын сакталышын текшерди.Возможно, это изображение учеба

Жолугушууга Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу, Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери жана борбордун жетекчилиги катышты.

Мекендештерге Россиянын мыйзамдарын сактоо, миграциялык талаптарды билүү жана чет өлкөдө өз укуктарын коргоо жолдору түшүндүрүлдү.

Кармалгандар борбордо болуу мөөнөтү, депортациялоо тартиби жана Россияга кайра кирүүгө коюлган чектөөлөр тууралуу суроолорун беришти. Ошондой эле банк эсептеринин бөгөттөлүшүнө байланыштуу айып пулдарды төлөө жана кредиттик милдеттенмелерди аткаруу маселелерин көтөрүштү.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Жамиля Жаманбаева айрым кыргызстандыктар кабыл алынган чечимдерге өз убагында даттанбагандыктан, көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине киргизилип калганын белгиледи. Анын айтымында, мындай жагдайлардын айрымдары иш берүүчүлөрдүн өз милдеттерин аткарбаганынан улам келип чыккан.

Мындан тышкары, бир кыргызстандык өзүн аталган реестрге негизсиз киргизилген деп эсептеп, Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө арыз менен кайрылды.

Борбордун жетекчилигинин маалыматына ылайык, 17-ноябрга карата мекемеде Кыргызстандын 189 жараны, анын ичинде 33 аял кармалып турган. Ошондой эле ошол күнү кечинде 28 кыргызстандыкты депортациялоого даярдап жатышканы маалымдалган.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 51
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X