Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 66 жаштагы тургунга пенсия дайындалды
Жалал-Абад облусунун 66 жаштагы тургуну Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин пенсия ала баштайт. Ал үч жылдан бери пенсиясын чектете албай келген.
Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, жарандын пенсия алуу үчүн керектүү документтеринде көйгөйлөр болгон. Анын аскердик билети жоголуп, эмгек китепчесинде болгону 3 жыл 1 ай 17 күндүк эмгек стажы көрсөтүлгөн. Ал эми пенсия дайындоо үчүн кеминде алты жылдык камсыздандыруу стажы талап кылынган.
Мындан тышкары, жер үлүшүнө байланыштуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бир бөлүгү төлөнбөй калган.
Маселени чечүү үчүн Акыйкатчы институту Ноокен райондук Социалдык фонд башкармалыгына, райондук мамлекеттик администрацияга жана аскер комиссариатына кат жөнөткөн.
Социалдык фонддун адистери жаранга пенсия дайындоо үчүн төлөнбөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө зарылдыгын түшүндүрүшкөн. Карызын төлөгөндөн кийин ага 2026-жылдын 8-октябрынан тартып пенсия дайындалган.
Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, 2025-жылы пенсия маселесине байланыштуу алты арыз түшсө, 2026-жылдын алгачкы тогуз айында мындай 15 кайрылуу катталган.