Акыйкаттын Дүйшөнү
Кыргыз басма сөз, адабият айдыңында өзүнүн орду бар, публицист, жазуучу жана журналист Дүйшөн Керимов көзү тирүү болсо, быйыл 70 жашка толмок. Ал 1956-жылы 4-октябрда Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келип, өзүнүн айтканына караганда энеден эрте ажырап, чоң атасынын тарбиясын көрүп чоңойгон экен. Чоң атасынын өрнөгүн алган бала жаштайынан эле санжыра, жомокторго жакын өсүп, оозеки адабияттын балын татканы чыгармачыл дүйнөгө аралышып калышына өбөлгө түзгөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин аяктап, адегенде айылдык мектепте мугалим, кийин облустук “Нарын правдасы” гезитинде иштеп, «Мугалимдер газетасы» басылмасынын башкы редактору Абдыжапар Эгембердиевдин чакыруусу менен борборго келип аталган гезитте иштеп калыптыр. Андан кийин “Кыргыз руху” гезиттеринде эмгектенген. Турмуштун шарданы менен соода тармагына ооп, коммерсанттык күндөрдү башынан кечиргенин эскерген жайы бар. Ал өзүн жазуучу, же чыгармачыл инсан катары көрбөй, жөн гана мыкты окурман экенин, акындардын жетимишке жакын ырын жатка билерин айтканы эсибизде.
Дүйшөн Керимов жазуучу катары “Наалы эже” тарыхый повестинин, аңгеме, эссе, публицистика, ырларын камтыган «Ажайып күндүн алдында» жыйнагынын улуттук оюндар тууралуу “Айкөл Манас оюндары” китеби, андан башка “Эрөөл талаа”, “Кыргын-Сай”, “Жол башчы” баштаган ондогон аңгеме, эсселердин автору болгон. Көркөм чыгармачылык менен публицистиканы эриш-аркак алып жүргөн калемгер өмүрүнүн соңку кездеринде өзүнүн Ютуб каналы аркылуу өлкөнүн коомдук-саясий, маданий турмушундагы орчундуу, талкуу жараткан окуялар боюнча ачык, курч пикирин активдүү билдирип келген эле. 2022-жылдан бери Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын «Кыргыз тил» гезитинин редактору кызматын аркалаган. 2024-жылдын 8-ноябрында 68 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Биз төмөндө чынчылдыктын, акыйкаттын Дүйшөнү — Дүйшөн Керимовдун 70 жылдыгынын урматына анын замандаштарынын эскерүүлөрүн гезит бетине жарыялоону туура көрдүк.
Карбалас Бакиров, Кыргыз Республикасынын эл акыны, курсташы:
— Дүйшөн Керимов менен Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда чогуу окуп, жаштыгыбыздын эсте каларлык күндөрүн бирге өткөргөнбүз.
Өмүрүнүн акырына чейин достук мамилебиз үзүлгөн жок. Тазалыгы, чынчылдыгы менен башкалардан айырмаланып турчу. Ал өзүнүн чыгармачылыгына өтө жоопкерчилик менен карачу. Ошондуктан, Дүйшөкемдин көптөгөн аңгеме, эсселери өз убагында жарык көрбөй калды деп ойлойм. Алдыда анын чыгармаларын китеп кылып чыгарууну колго алуу керек. Ал “Манас” эпосу баш болгон элдик оозеки чыгармаларды кийинки муунга тааныштыруунун жолун издеп, катуу киришкен кезде бул өмүрдөн өтүп кетти. Дүйшөкенин чыгармалары мезгилдин бүктөмүндө калып кетпеген эмгектер. Ушундан улам, анын жазган чыгармалары ар качан баалуу экенин баса белгилегим келет.
Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы:
— Дүйшөн Керимовдун эң чоң ийгилигинин өзөгү оозеки тарыхты, оозеки санжыраны мыкты билгендигинде. Чынында эле ал оозеки адабиятты ичинен билген өкүлдөрдүн алдыңкы сабында турчу. Анан беттегенин бербеген калыстыгы, чынчылдыгы бар эле. Дүйшөке менен эч ким санжыраны талаша алчу эмес. Тагай бий, Наалы эже, Ормон хан, Боромбай, Шабдан, Эсенгул баатыр, Кубат бийден баштап Раззаковго чейинки отузга жакын кыргыздын баатырларын санжыра менен айтып берген. Акындардын ырларын жатка айтканы, андан башка орус, түрк, чыгыш элдеринин поэзиясын мыкты билгендиги өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Кыргыздын санжырасын кандай билсе казактыкын ошондой билчү.
Дүйшөке турмушта кагылып-согулуп, ар кандай кесипти аркалап, чыгармачылыкка бышып-жетилген куракта арабыздан эрте кеткени кейиштүү. Оозунда сөзү бар, калыстыкты туу туткан кашкөй инсандан ажырадык, чынында. Эми жазган чыгармалары аркылуу элдин эсинде кала берет. Адабий чөйрөдө анын ордун жоктобой сактап турган төгүлүп ыр окуган, жаамы журттун көйгөйүн көтөргөн элеси эч качан унутулбайт!
Замирбек Келдибеков, досу:
Кайран Дүйшөке, оозунда айта турган сөзү бар, чечен эле.
Журналист, публицист, жазуучу, адабиятчы, санжыра изилдөөчү катары канчалаган мыкты чыгармалары жазылбай калды. Быйыл 70 жашка чыкмак. Дүйшөке «Кет ажал!» деген Байдыкенин (Сарногоев) ырын көп окуур эле. Бирок, ажал улук экен, акка моюн сунуп капыстан кете берди.
Дүйшөке өткөн кылымдын 90-жылдары борборго келип, залкарлар Салижан Жигитов, Омор Султанов, Эрнис Турсунов, Алым Токтомушевтерден таалим алып, устаттарым деп эсептечү.
Экөөбүз дагы анын өмүрүнүн акырына чейин дагы бир топ жыл бирге жүрдүк. Ютуб каналында “Мурас-Наследие” деген берүүнү уюштуруп, анын видеоматериалдарын телефонго тартып жүрдүм. “Улуу Манас сабактары”, “Көчмөндөр оюну сабактары” аталышындагы он чакты видеоматериал даярдаганбыз. Дүйшөке акыркы жылдары агартуучулук дейбизби, таанып-билүүчүлүк дейбизби, ушундай ишти колго ала баштады эле. 1-2-Көчмөндөр оюнунун сценарийин жазууга, оюндун эрежелерин такташууга катышкан. Ал жөнүндө китеби дагы чыккан. Анан чындыкты бетке айткан, халтураны өтө жек көргөн мүнөзү бар эле. Куйма кулак, сөз билги, кыска, ток этээр жерин айтчу. Кыргыздын мыкты акындарынын ырларын көкүрөгүнө түйүп, жатка айткан сейрек кездешчү талант эмес беле. Дүйнөлүк адабияттын классиктерин өзү айткандай тамшанып, казып окуй турган. Өзгөчө боордош казак тилин да, адабиятын да абдан мыкты өздөштүрүп Абай Кунанбаев, Мухтар Шаханов, Олжас Сулейманов, Мукагалы Макатаев баштаган классиктерин терең сыйлап, ар дайым мисал кылып жатка айтар эле. Мухтар Ауэзовду Кудайындай көрчү. Алмата шаарына тез-тез каттап, акын-жазуучулары менен чыгармачылык байланышта болчу.
Дүйшөн Керимовдун артында калган адабий мурастарын китеп кылып чыгаруу жагын Маданият министрлиги менен Улуттук Жазуучулар Союзу караштырат деген үмүтүбүз бар. Эми анын экинчи өмүрү башталды. Жүрөгүнөн чыккан, таза табиятка сугарылган, талант даарыган чыгармалары кыргыз эли барда жашай берет!!!
Атахан Кожогулов, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
— Дүйшөн ага кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, дүйнө таанымын, көчмөндүк духун мыкты өздөштүрүп, мол тажрыйбага ээ болуп, жаш муундарга зор таалим калтырар убагында бул жарык дүйнөдөн өтүп кетиши өтө өкүнүчтүү. Анын кыргыз адабиятындагы сын, поэзия, проза, драматургия боюнча өзүнүн жеке көз караштары бар, акты ак, караны кара деген калыстыгы башкача болчу. Кыргыз акындары Жолон, Турар, Оморлордун акындык дараметин жогору баалап, жадагалса орус адабиятынын дөө-шаалары Белинский, Пушкин, Лермонтов, Есениндин чыгармачылыгынан бери кеп кылып айтып берер эле. Дагы бир өзгөчөлүгү — чындыкты айтуудан кайра тартпаган, кындан суурулган кылычтай, атылган жебедей шар болчу. Эң өкүнүчтүүсү, өзүнүн калемгерлик дарамети толук ачылбай кетти.
Сыдыкбек Самадинов, замандашы:
— Дүйшөн студент кезинде эле сөздүн каймагын калпып сүйлөй билген, дүйнө таанымы кенен, ар тараптуу билимдүү, көп окуп, көп жазган, жазган ырларынын бардыгын жатка айткан ачык-айрым, өтө таланттуу жигит эле. Мен айылда жашап калгандыктан кийин көрүшпөй калдык. Ошентсе да анын чыгармаларын, макалаларын калтырбай окуп чексиз ыраазы болуп жүрдүм.
Дүйшөн журналистикада, адабиятта эбак өз орду бар таланттуу инсан эле. Ыйманы жолдош болсун. Анын мурастарын элге жеткирүү боюнча албан иш аракеттер көрүлөт деп ишенем.
Даярдаган Шекербек Калыков