"Эркин-Тоо"

Акыйкатчы камактагы Фарид Ниязовдун саламаттыгы боюнча президентке кайрылды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун ден соолугунун абалын эске алып, аны камакта калтыруунун негиздүүлүгүн тез арада кароо зарыл деп эсептейт. Ал өлкө башчысына жана Башкы прокуроруна тиешелүү кат жолдоду.

Анда Ниязовдун абалы оор экенин, саламаттыгы барган сайын начарлап жатканын анын жактоочусу, жакындары такай айтып келе жатканы белгилеген. Акыйкатчы белгилегендей, диагноз өкмөттүн 2018-жылдагы токтому менен бекитилген шектүүлөрдү, айыпталуучуларды кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмесинде каралган ооруларга дал келиши мүмкүн.

«Анын жакындарырын маалымдашынча, Ниязовго Кардиология жана терапия улуттук борбору III даражадагы гипертония деген диагноз койгон жана бул өтө олуттуу оору болуп эсептелет. Бул дарт айыпталуучуну камакта кармоого болбойт деген өкмөт бекиткен оорулардын тизмесине кириши мүмкүн. Акыйкатчы Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында үч адамдын өлүмү катталгандан кийин бардык мамлекеттик органдар адам укугун жана сэркиндигин сактоо боюнча улуттук жана эле аралык мыйзамдарды так сакташы керек деп эсептейт»,-деп айтылат маалыматта.

Ушул айдын башында Бишкек шаардык соту Ниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүүдөн баш тартып, аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынып, Октябрь окуялары маалында бошонгон. Бирок кийин кайра камалып, ага ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуяларга байланыштуу да айып тагылган. Ниязов “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүү боюнча козголгон кылмыш ишинде да шектүү катары өтүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!